🕵️♂️ Бишкек шаарында милиция Кара-Балтада жайгашкан дача участогунда киши өлтүрүүгө шектелген адамды кармады.
🔍 22-мартта Жайыл районунун ички иштер бөлүмүнө белгисиз адамдын сөөгү табылганы тууралуу маалымат келип түшкөн.
🚔 Оор кылмышка шектелген Д.Р. 19-мартта үч эркек менен таанышып, биргеликте наркотикалык заттарды колдонгондон кийин чырдашып, мушташка барышкан.
⚖️ Кылмыш иши Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин 122-беренеси боюнча козголгон.
🪦 Д.Р. мушташтан кийин жабырлануучуну өзүнүн дачасына алып барып, ага зомбулук көрсөтүп, жапа чеккен адам алган жаракаттардан улам көз жумган.
🌍 Шектүү кылмышты жашыруу үчүн маркумдун сөөгүн жерге көмүп, анын буюмдарын ар кайсы жакка таштап кеткен.
🧠 Д.Р. 2014-жылдан бери психиатрдык каттоодо турат.
🔒 Учурда тергөө иштери уланууда, шектүү ИВСке киргизилген.






