Чүй облусунда мамлекетке 822 гектар жер кайтарылды

Бишкек, 14.07.25. Чүй облусунун Москва районундагы Александровка айылында жер участокторун бөлүштүрүүдө коррупция факты боюнча кылмыш ишинин алкагында 6 адам кармалды. Тергөө учурунда 822 гектар жер мыйзамсыз пайдаланылганы аныкталды. Жерлер мамлекеттик баланска өткөрүлүп, тиешелүү чаралар көрүлүүдө.

[adrotate_integration id=”2″]

🇰🇬 Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети 2024-жылдын март айында Чүй облусунун Москва районундагы Александровка айылында жер тилкелерин бөлүштүрүүдө коррупция фактылары боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында “жер мафиясынын” алты мүчөсүн кармады. Бул адамдар кылмыш жоопкерчилигине тартылып, соттолушкан.

🔍 Тергөөнүн жүрүшүндө Москва районунун аймагында 822 гектар жер аянтынын жашырылганы жана мыйзамсыз пайдаланылганы аныкталды.

🌾 Айрым айыл аймактарында мамлекеттик бийлик органдарында катталбаган жер аянттары бар экени белгилүү болду. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын айрым жетекчилери жана кызматкерлери бул жерлерди мыйзамсыз арзан баада ижарага берип, жалган ижара келишимдерин түзүү аркылуу жеке кызыкчылыктар үчүн колдонушкан.

🕵️‍♂️ КР чегинен чыгып кеткен же каза болгон жер ээлеринин үлүш жерлерин мыйзамсыз ээлеп алуу фактылары да табылды.

📋 Бул иштин алкагында Чүй облусунун Москва районундагы Александровка айылында жерлердин инвентаризациясы жүргүзүлүп, Бишкек жана Чүй облусу боюнча КР Жер жана суу көзөмөл кызматынын аймактык башкармалыгынын адистери, райондук мамлекеттик администрация жана башка органдар тартылган.

📈 Текшерүүнүн натыйжасында 822 гектар жер аянты мамлекеттин балансына өткөрүлдү, анын ичинде 432,40 га сугат айдоо жери, 280,61 га богар айдоо жери, 15 га көп жылдык өсүмдүктөр, 94 га чабынды.

🏛️ Азыркы учурда КР Министрлер кабинетине караштуу ГАЗРКГК тарабынан бул жерлерди каттоо жана күнөөлүү адамдардын аракеттерине юридикалык баа берүү боюнча зарыл чаралар көрүлүүдө.

Leave a Reply

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген