Чүй облусунда оңдоо иштери 60% бүткөрүлдү

Чүй электр тармактары ишканасы күз-кыш мезгилине даярдык көрүү иштеринин 60%ын бүтүрдү. Калган иштер 1-ноябрга чейин аяктайт. Иштерге трансформаторлорду, электр чубалгыларын жана подстанцияларды оңдоо, СИП-2 кабелин тартуу жана "акылдуу" эсептегичтерди орнотуу кирет.

[adrotate_integration id=”2″]

🔌 Чүй электр тармактары ишканасы 2025-2026-жылдары күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өткөрүү үчүн 60% оңдоо жана даярдоо иштерин аяктады. Калган 40% жумуштар 1-ноябрга чейин бүткөрүлмөкчү.

🔧 Жүргүзүлгөн капиталдык оңдоо иштеринин алкагында 495 трансформатор, 510 чакырым аба электр чубалгылары, 14 подстанция жана 357 жабдуу оңдолду.

🛠️ Техникалык тейлөө иштеринде 3037 трансформатор, 5970 чакырым аба электр чубалгылары, 82 подстанция жана 2756 жабдуу тейленди.

📡 Реконструкция алкагында 98 чакырым СИП-2 кабели тартылып, 407 электр мамычасы орнотулду.

📈 Санариптештирүү алкагында 51 165 «акылдуу» эсептегичтер орнотулду, бул Чүй облусунун тургундарын ишенимдүү электр менен камсыз кылуу жана тейлөөнүн сапатын жогорулатууга багытталган.

Leave a Reply

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген