Чүй облусунда поездды таш менен урган хулигандар кармалды

Чүй облусунда милиция кызматкерлери Ивановка айылында поездди таш менен урган өспүрүмдөрдү аныкташты. Жашы жете элек төрт бала кармалып, тергөө иштери уланууда.

[adrotate_integration id=”2″]

🚆 Чүй облусунун ГУВД кызматкерлери Балыкчы – Бишкек багыты боюнча жүрүп жаткан поездди таш менен урган хулигандарды аныкташты.

🕵️‍♂️ 2025-жылдын 14-октябрында болжол менен саат 22:20да Ысык-Ата районунун Ивановка айылынын жанында белгисиз адамдар поезддин бир нече вагонун таш менен урган. Бул окуя катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Хулиганчылык) боюнча кылмыш иши козголду.

👮‍♂️ Милиция кызматкерлери ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө бул кылмышка тиешеси бар адамдарды аныкташты. Алар 2011-жылы туулган И.Р., Б.Н., А.Я. жана 2012-жылы туулган Б.Б. аттуу өспүрүмдөр болуп чыкты. Алар тергөө иштери үчүн райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилди.

🔍 Иш боюнча тергөө улантылып жатат. Тергөө жыйынтыгы боюнча күнөөлүүлөрдүн аракеттерине юридикалык баа берилип, учурдагы мыйзамдарга ылайык процессуалдык чечим кабыл алынат.

Leave a Reply

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген