
[adrotate_integration id=”2″]

🌍 Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Чүй облусунун ИИБ менен биргеликте уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз аракеттерине бөгөт койду.
🛡️ Чүй облусунун Сокулук районундагы Кун-Туй айыл аймагында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерине физикалык күч колдонуу менен 1 гектар айыл чарба багытындагы жер тилкесин өз билемдик менен басып алышкан.
👥 Оперативдүү-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө ОПГ мүчөлөрү И.Э., И.С. жана М.К. аныкталды. Алар кармалып, кылмыш ишинин алкагында КР УКМКнын СИЗОсуна камакка алынды.
🔍 Учурда бул адамдардын башка кылмыштарга катыштыгы бар экендиги аныкталууда.






