🌊 Мамлекеттик маанидеги объект кайтарылды.
🔍 Чүй облусунун Панфилов районунун прокуратурасы жүргүзгөн текшерүүнүн жүрүшүндө, Чолок-Арык айылынын четинде, Кыргызстан менен Казакстандын чек арасында жайгашкан стратегиялык маанидеги объект үчүнчү тараптарга мыйзамсыз сатылганы аныкталды.
💰 Объект жана ага тиешелүү жер тилкеси болгону 38 900 сомго сатылган, ал эми алардын базар баасы 27,9 миллион сомду түзөт.
🏠 Прокурордук чаралардын натыйжасында, кызматтык үй жана 2 749,0 чарчы метр жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды.






