

[adrotate_integration id=”2″]


⚡️ ОАО «Чакан ГЭС» капиталык оңдоону 90% аяктады жана кышка даярданууда.
🔧 2025-жыл үчүн өндүрүштүк планга ылайык, 4 гидроагрегатты капиталдык оңдоо каралган. Учурда 3 гидроагрегатта иштер аяктады: Быстровская ГЭСте, ГЭС-6да жана Малая ГЭСте.
🛠 ГЭС-5теги ГА №1дин капиталдык оңдоосу 15-сентябрга чейин бүтөт деп пландалууда. Ошондой эле, компаниянын адистери гидроэлектростанциялардын негизги жана кошумча жабдууларын пландуу оңдоо жана модернизациялоону улантууда.
🔌 ГЭС-3те эскирген май өчүргүчтөрдү заманбап вакуумдук өчүргүчтөргө алмаштыруу иштери жүрүп жатат. Бул жаңы өчүргүчтөр ишенимдүүрөөк жана экологиялык жактан таза болуп, үзгүлтүксүз тейлөөнү талап кылбайт.
🔋 ГЭС-5те 35 кВ ачык бөлүштүрүү түзүлүшүнүн учурдагы оңдоосу жүргүзүлдү. Ал эми ГЭС-2де күч трансформаторун алмаштыруу иштери уланууда.
🛠 «Кентауский трансформаторный завод» АОнун башкы инженери менен биргеликте жабдууларды чогултуу иштери жүрүп жатат.






