Чакан жана орто бизнеске 140 млн сомдон ашык каражат бөлүндү.

Кыргызстанда чакан жана орто ишканаларды колдоого, аймактарды өнүктүрүүгө жана «жашыл» экономиканы стимулдаштырууга багытталган «Льготное кредитование» долбоору ишке ашууда. 2025-жылдын 9-октябрына карата 49 ишкерге 143,98 миллион сом өлчөмүндө кредит берилди.

📈 Кыргызстанда чакан жана орто ишканаларды колдоо, региондорду өнүктүрүү жана “жашыл” экономиканы стимулдаштыруу максатында “Чакан жана орто ишканаларды жеңилдетилген кредиттөө” долбоору ишке ашырылууда.

💡 2025-жылдын 9-октябрына карата 49 чакан жана орто ишканаларга жалпы суммасы 143,98 миллион сомду түзгөн кредиттер берилди.

📊 Долбоордун негизги максаты — ишканалар менен жеке адамдарга жеткиликтүү, төмөн пайыздык жана жеңилдетилген кредиттерди берүү аркылуу экономикалык өсүштү стимулдаштыруу, жумуш орундарын түзүү жана жакырчылыкты кыскартуу.

🏦 Долбоордун аткаруучусу катары чакан жана орто бизнести жеңилдетилген шарттарда кредиттөө милдети коюлган “Ишкердикти өнүктүрүү фонду” микрокредиттик компаниясы аныкталган.

💰 2025-жылга карата долбоордун жалпы каржылоо көлөмү 500 миллион сомду түзөт.

0 0 votes
Рейтинг статьи
Subscribe
Notify of
guest

0 комментариев
Oldest
Newest Most Voted
Inline Feedbacks
View all comments
0
Would love your thoughts, please comment.x
()
x