Чанпэн Чжао «Рух-Ордо» комплексинде: кыргыз ашканасын татуу жана президенттен комуз белек алуу.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жана Binance криптовалюталык биржасынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжао Чолпон-Атадагы «Рух-Ордо» маданий борборуна барышты. Жолугушууда комуз белекке берилип, улуттук тамак-аштар тартууланды.

🇰🇬 Президент Садыр Жапаров менен Binance криптовалюталык биржасынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжао Кыргызстанга болгон иш сапарынын алкагында Чолпон-Атадагы “Рух-Ордо” маданий борборуна барышты.

🎶 Министр Мирбек Мамбеталиев меймандарга борбордун тарыхын айтып берип, кыска экскурсия өткөрдү.

🪕 Комплекс аймагында коноктор комуз түрүндө жасалган пирсти көрүшүп, улуттук музыкалык аспапта ойногон чеберчиликти баалашты. Садыр Жапаров Чанпэн Чжаого комуз белек кылды.

🍽️ Улуттук даамдардан максым жана курут тартууланып, Чанпэн Чжао кыргыз ашканасынын өзгөчөлүгүн белгилеп, таң калуусун билдирди.

📅 Бүгүн, 4-майда, Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында виртуалдык активдер жана блокчейн технологияларын өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин биринчи жыйыны өтөт, ага Чанпэн Чжао катышат.

0 0 votes
Рейтинг статьи
Subscribe
Notify of
guest

0 комментариев
Oldest
Newest Most Voted
Inline Feedbacks
View all comments
0
Would love your thoughts, please comment.x
()
x