


[adrotate_integration id=”2″]
🌿 Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев Кыргыз курортология жана калыбына келтирүү дарылоо илимий-изилдөө институтуна барды. Институт өлкөдө калыбына келтирүү жардамын көрсөтүү жана курортология боюнча илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүдө алдыңкы орунда турат.
🧠 Министр институттун неврология, вертеброневрология, ортопедия жана калыбына келтирүү дарылоо бөлүмдөрүнүн ишмердүүлүгү менен таанышып, инсульт, жаракат, операциялардан кийин жана кыймыл аппараты, неврологиялык бузулуулар менен жабыркаган бейтаптардын дарылануусуна өзгөчө көңүл бурду.
📚 Институттун ишмердүүлүгүндө илимий жана методикалык багытка басым жасоо зарылдыгы белгиленди. Министр бул мекеме реабилитация жана калыбына келтирүү дарылоо боюнча өлкөдөгү бардык кызматтарды бириктирип, багыттоочу илимий-методикалык жана билим берүү борбору болушу керектигин баса белгиледи.
👶 Балдардагы аутизм спектринин бузулууларын дарылоого өзгөчө көңүл буруу керектиги айтылды. Бул багытта илимий негизделген методикаларды киргизүү жана приоритеттүү көңүл буруу зарыл.
🛠️ Реабилитациялык кызматты өнүктүрүү концепциясын иштеп чыгууга активдүү катышуу жана аймактык борборлорго методикалык колдоо көрсөтүү боюнча конкреттүү тапшырмалар берилди.
🎯 Институтка реабилитациялык кызматты өнүктүрүү боюнча стратегиялык багыттарды жана максаттуу көрсөткүчтөрдү иштеп чыгууга өзүнүн илимий-методикалык сунуштарын берүү тапшырылды. Ошондой эле, курортология жана калыбына келтирүү дарылоо боюнча заманбап методикаларды киргизүү жана адистерди окутуу боюнча иштерди күчөтүү зарылдыгы белгиленди.






