🇰🇬 Кыргыз Республикасында убактылуу жашап жаткан чет элдик жарандар жана чет элдик студенттер үчүн милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисин алуу жеңилдетилди.
🩺 Милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисин алуу үчүн эми жеке идентификациялык номер талап кылынбайт. Жеке инсандыгын тастыктаган документтин номери жетиштүү болот.
📜 Чет элдик жарандар жана студенттер үчүн милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисин алуу Кыргыз Республикасынын “Милдеттүү медициналык камсыздандыруу жөнүндө” мыйзамына ылайык милдеттүү болуп саналат.
💰 Чет элдик жарандар жана студенттер үчүн полистин баасы 6 айга 5 955 сомду, ал эми 12 айга 11 910 сомду түзөт.
📅 Полис катталгандан кийин 5 күндөн кийин күчүнө кирет.
📞 Суроолор жаралса, күнү-түнү иштеген 113 ФОМС колдоо линиясынан акысыз маалымат алууга болот.