🌼 Кыргызстанда Нооруз майрамы белгиленүүдө.
🎉 Бир катар чет өлкөлөрдүн президенттери жана королору президент Садыр Жапаровду жана кыргызстандыктарды бул жазгы майрам менен куттукташты.
🤝 Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин, Россиянын президенти Владимир Путин, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов, Иран Ислам Республикасының президенти Масуд Пезешкиан, «Россия-ислам дүйнөсү» стратегиялык көрүү тобунун төрагасы Рустам Минниханов жана Сауд Аравиясынын королу Салман бин Абдулазиз Аль Сауд куттуктоолорун жөнөтүштү.
🌱 Чет өлкөлөрдүн жетекчилери Садыр Жапаровго бекем ден соолук жана ийгиликтерди, кыргызстандыктарга болсо бакубаттык, жетишкендик жана гүлдөп-өсүүнү каалашты.
🌍 Нооруз майрамы Кыргызстанда биримдикти, достукту жана жаратылыштын жаңылануусун символдоштурууда.














