🎉 Курман айт майрамы менен кыргыз элин чет өлкөлүк лидерлер куттукташты.
🇦🇿 Азербайжандын премьер-министри Али Асадов бул ыйык майрамдын дүйнө жүзүндөгү мусулмандарды биримдикке жана боорукердикке чакырарын белгилеп, Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы достук мамилелердин мындан ары да өнүгүшүнө ишеничин билдирди.
🇦🇪 Бириккен Араб Эмираттарынын вице-президенти жана премьер-министри Шейх Мухаммад Бин Рашид Аль-Мактум кыргыз элине ден соолук жана бакыт каалап, ислам үммөтүнө даңк жана улуулук тиледи.
🇰🇿 Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов Курман айттын боорукерликке жана биримдикке чакырарын белгилеп, кыргыз элине тынчтык жана гүлдөп-өнүгүү каалады.
🇺🇿 Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов бул майрамдын эки элдин ортосундагы достук мамилелерди бекемдээрине ишенерин айтып, кыргыз элине тынчтык жана прогресс каалады.
🇹🇷 Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаз ислам дүйнөсүнө жана бүткүл адамзатка тынчтык, бакыт жана жыргалчылык каалап, кыргыз элине гүлдөп-өнүгүү жана бакубатчылык тиледи.