Чет элдик жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын өлкөдө болуу тартибин жөнгө салуучу документтерди тариздөө жол-жоболору оптималдаштырылды.

Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети чет элдик жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын өлкөдө болуу тартибин жөнгө салуучу документтерди жөнөкөйлөтүү үчүн резидент-картаны берүү боюнча Убактылуу жобону бекитти.

📝 Кыргыз Республикасында чет элдик жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын жүрүү тартибин жөнгө салган документтерди тариздөө жол-жоболорун оптималдаштыруу боюнча Министрлер кабинети токтом кабыл алды.

🔍 Документтерди тариздөөнү жеңилдетүү максатында убактылуу жобо бекитилди, ал Кыргыз Республикасынын резидент-картасын тариздөө тартибин жөнгө салат.

📅 Убактылуу жобонун мөөнөтү 2026-жылдын 1-июлуна чейин белгиленди.

📌 Тышкы иштер министрлиги, Ички иштер министрлиги, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет, Президенттин иш башкармалыгындагы «Кызмат» мамлекеттик мекемеси жана Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы бул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрүү тапшырылды.

📈 Бул кадам чет элдик жарандар үчүн документтерди тариздөө процессин жөнөкөйлөтүп, өлкөгө келүүнү жана жашоону ыңгайлуу кылат.

0 0 votes
Рейтинг статьи
Subscribe
Notify of
guest

0 комментариев
Oldest
Newest Most Voted
Inline Feedbacks
View all comments
0
Would love your thoughts, please comment.x
()
x