🌱 Дароот-Коргон айылында Чон-Алай районунда заманбап логистикалык борбордун курулушу аяктап калды. Бул борбор 400 тонна уруктук картошканы сактоого арналган.
❄️ Борбордо ар бири 200 тоннадан эки муздаткыч камера жана продукцияны сорттоо зонасы бар. Бул объект картошканы сактоо жана экспортко даярдоо инфраструктурасын өнүктүрүүдө негизги элемент болуп калат.
🤝 «Good Neighbors» уюмунун колдоосу менен борборго өндүрүштүк жабдуулар жеткирилди, анын ичинде: 2 муздаткыч агрегат, 1 этилен абсорбер, 2 өнөр жай нымдагыч, 125 кВт кубаттуулуктагы генератор, электр жүктөгүч жана продукцияны сактоо үчүн жыгач контейнерлер.
🥔 Борбордо Колумбиядан алынып келинген «супер-супер элита» сортундагы уруктук картошка отургузулган. Бул долбоордун максаты – картошканын экспортко багытталган өндүрүшүн өнүктүрүү жана фермерлерди туруктуу жана натыйжалуу сактоо инфраструктурасы менен камсыз кылуу.
🇰🇬 Чон-Алай районунда логистикалык борбордун түзүлүшү Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугун жогорулатуу, айыл чарбасын колдоо жана экспорттук потенциалды кеңейтүү боюнча маанилүү салым болуп саналат.






