🌍 Бишкек менен Анталия боордош шаар байланышын түзүштү.
🤝 13-сентябрда Кыргызстандын Башкы консулдугунун демилгеси менен Чолпон-Ата менен Анталиянын ортосунда протоколго кол коюлуп, эки тараптуу мамилелерге жаңы мейкиндиктер ачылды.
🌊 Чолпон-Ата шаарынын мэри Данияр Сатаров достук байланыштарды чыңдоо үчүн бул келишимдин маанисин белгилеп, жылуу кабыл алгандыгы үчүн Анталиянын мэри Мухиттин Божекке ыраазычылык билдирди.
🏗️ Шаарлар ортосундагы кызматташтык туризм жана инфраструктуралык долбоорлорго инвестиция салууга, ошондой эле шаардык инфраструктураны өнүктүрүү жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча тажрыйба алмашууга багытталат.
🎓 Чолпон-Ата шаарында туризм тармагында адистерди даярдап, билим берүү тармагындагы кызматташууга көмөктөшүүчү кыргыз-түрк окуу-билим берүү борборун түзүү долбоору сунушталды.
🌟 Кыргызстандын Анталиядагы башкы консулу Рустам Кошонов бул келишим инвестиция тартууга жана биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга, эки өлкөнүн өнөктөштүгүн чыңдоого шарт түзөөрүн баса белгиледи.