🌍 Чолпон-Ата шаарында Түрк мамлекеттеринин ички иштер министрлер кеңешинин биринчи жыйыны башталды.
👮♂️ Жыйынга беш өлкөнүн: Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан, Түркия жана Өзбекстандын ички иштер министрлери, ошондой эле УТГнын башкы катчысы катышууда.
🔍 Кеңештин негизги милдети – кылмыштуулук менен күрөшүү жана эл аралык кылмыштуу топтордун аракеттерине бөгөт коюу.
⚠️ UTG башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев белгилегендей, мыйзамсыз контрабанда, киберкылмыштуулук жана терроризм дүйнөлүк олуттуу коркунучтарды жаратат.
🤝 Министрлер бул чакырыктар менен натыйжалуу күрөшүү үчүн биргелешип иштөө жана тажрыйба алмашуунун маанилүүлүгүн баса белгилешти.