🏇 Чолпон-Ата шаарындагы ат майданында 2025-жылдын 26-июлунда салттуу ат оюндары боюнча мелдештер өтөт.
🏆 Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Кубогу үчүн мелдештер уюштурулат.
🐎 Программада аламан байге, жорго жарыш, кыска аралыкка жарыш, кыз куумай жана эр эңиш сыяктуу оюндар камтылган.
🌟 Бул спорттук шоу маданий мурасты сактап калуу менен катар, жаштарды, айрыкча айыл жергесиндеги жаштарды активдүү коомдук жашоого тартат.
📞 Иш-чарага катышууну каалагандар жана кошумча маалымат алуу үчүн 0709 144 938, 0555 374 054 номерлерине кайрылса болот.