• Ысык-Көлдүн жээгиндеги Чолпон-Ата шаарында кыргыз тарап уюштурган Борбордук Азиянын өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин аймактык форуму өтүүдө.
• Иш-чаранын негизги максаты – кырсыктардын тобокелдигин азайтуу жана Сендай күн тартибин ишке ашыруу жаатындагы кызматташтыкты чыңдоо боюнча маселелерди талкуулоо жана аракеттерди координациялоо.
• Форумга Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстандан келген делегациялар, ошондой эле эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана донорлор катышууда.
• Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башчысы Бообек Ажыкеев калкты жана аймактарды табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардан коргоо боюнча мындан аркы кызматташуунун маанилүүлүгүн белгиледи.
• Форумдун соңунда жетишилген макулдашуулар жазылган жолугушуунун протоколуна кол коюлат.