





🌍 Чолпон-Атадагы борбордук көчөдөн өткөн Балыкчы–Тамчы–Чолпон-Ата–Корумду автожолунун реконструкциясы кызуу жүрүп жатат.
🛣️ Ремонттолуп жаткан жолдун узундугу 3,9 чакырымды түзөт.
🚧 Жол төрт тилкелүү болуп, ар бири 3,5 метр, жалпы жолдун туурасы 14 метр болот.
🏗️ Жолдун курулушунда “Кыргызавтожол-Север” мамлекеттик ишканасы жана China Road and Bridge Corporation компаниясы иш алып барууда.
👷♂️ Жолдун асфальттоосу эки катмардан турат: 9 см калыңдыктагы асфальтобетон жана 6 см калыңдыктагы щебёночно-мастичный асфальт.
🌧️ Проектте суу өткөрүүчү түтүктөрдү орнотуу, лотоктор жана бордюрдук таштарды коюу, тротуарлар жана жол жээгиндеги парковкаларды куруу, эки көпүрөнү оңдоо каралган.
🔧 Курулуш иштерине 70тен ашуун техника жана 180ге жакын адис тартылган.
⏰ Курулуш белгиленген график боюнча жүрүүдө жана асфальттоону жайкы туристтик сезон башталганга чейин бүтүрүү тапшырмасы берилген.