🛑 Ысык-Көл облусунда мектеп окуучулары арасындагы зомбулуктун алдын алуу иш-чаралары мушташтан кийин башталган.
👩🏫 Чолпон-Ата шаарында 2-октябрда 8-класстын окуучулары ортосунда мушташ чыгып, анын кесепетинен 2012-жылы туулган алардын бири мектептин ажатканасында жаракат алган. Жаңжалдын себеби белгисиз бойдон калууда.
👊 9-октябрда ошол эле окуучу кыздар 2012-жылы туулган дагы бир окуучуга дагы кол салып, бетке чаап кетишкен.
📋 Эки факты тең Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын каттоо системасына катталып, учурда тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүп жатат.
🚨 Жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери мындан ары мындай окуяларга жол бербөө үчүн облустун мектептеринде түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, профилактикалык иш-чараларды жүргүзө башташты.