🏗️ Чолпон-Ата шаарында жаңы кирпич заводу ачылды, ал облустун курулуш тармагын бир топ чыңдайт.
🏭 Ысык-Көл облусунун жетекчиси Уланбек Далиев Ак-Коргон айылында курулуп, 38 миллион сомго курулган заводдун иши менен таанышты.
👷♂️ Завод айына 400 миңге чейин кирпич чыгарууга кудуреттүү жана жергиликтүү тургундар үчүн 40 жаңы жумуш ордун түзөт.
🔨 Ошондой эле быйыл февраль айында ишке кирип, 19 млн сом инвестиция тартып, 15 жумушчу орун менен камсыз болгон «Байтехстрой» ишканасында темир-бетон буюмдарын чыгаруу иштери башталып, ишке кирди.
📈 Бул өндүрүштөрдүн ачылышы жумуш орундарын түзүүгө эле эмес, жергиликтүү экономиканын өнүгүшүнө да салым кошууда.