🌍 Динара Ашимова Бакудагы климаттын өзгөрүшү боюнча конференцияга катышууда.
💼 Ыйман Нуру фракциясынын лидери COP 29да климатты каржылоо жана климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо маселелерин активдүү талкуулоодо.
👩⚖️ Өз сөзүндө Ашимова климаттык мыйзамдар чөйрөсүндө тажрыйба жана билим алмашуу үчүн парламенттер аралык кызматташуунун маанилүүлүгүн жана бул процесстерде аялдардын ролун баса белгиледи.
🌱 Кыргызстан конференцияга катышууну кызматташтыкты кеңейтүү жана климаттык милдеттенмелерди аткаруу үчүн керектүү каражаттарга жетүү мүмкүнчүлүгү катары карайт.
📜 Ашимова “Кыргыз Республикасындагы климаттык аракеттер жөнүндө” мыйзамды түзүү демилгесин жарыялады, анда көмүртектин эмиссиясын көзөмөлдөө жана көмүртек квоталарын текшерүү механизмдери камтылат.
🛑 Ал ошондой эле Борбор Азия өлкөлөрүн жана эл аралык уюмдарды мөңгүлөрдүн эришине байланыштуу олуттуу тобокелдиктерди жана калдык сактоочу жайлардагы коркунучтарды эске алуу менен Кыргызстандагы долбоорлорду каржылоого чакырды.