

[adrotate_integration id=”2″]🌊 Кыргыз Республикасы менен Тажикстандын ортосундагы туруктуу суу ресурстарын башкаруу боюнча кызматташууну бекемдөө, суу чарба жана энергетикалык объекттерге жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу, ошондой эле мүмкүн болгон суу чарба маселелерин алдын алуу жана жөнгө салуу боюнча күч-аракеттерди координациялоо максатында биргелешкен комиссия түзүлдү.
🤝 Бишкек менен Душанбе шаарларында өткөн кыргыз-тажик суу чарба комиссиясынын биринчи жыйынында эки өлкө ортосундагы суу ресурстарын натыйжалуу пайдалануу боюнча туруктуу жана институционалдык диалогду орнотуунун маанилүүлүгү баса белгиленди. Бул иш-чаралар ишенимди бекемдөөгө, аймактык туруктуулукка жана экономикалык өнүгүүгө өбөлгө түзөт.
💧 Жыйындын жүрүшүндө кыргыз-тажик суу чарба комиссиясынын жобосу талкууланып, чек ара аймактары үчүн өтө маанилүү болгон гидротехникалык курулмаларды модернизациялоо жана калыбына келтирүү үчүн инвестицияларды тартуу маселелери каралды.
👥 Кыргыз делегациясын Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары, Суу ресурстары кызматынын директору Алмаз Жээналиев жетектеди. Тажик делегациясын Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы мелиорация жана ирригация агенттигинин директору З. Давлатзода жетектеди.
🔗 Жыйындын жыйынтыгы боюнча комиссиянын иштерин улантууга даярдык билдирилди.










