
[adrotate_integration id=”2″]🇰🇬 Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин биринчи орун басары Данияр Амангельдиев менен Европа Биримдигинин санкциялар боюнча атайын өкүлү Дэвид О’Салливан онлайн режиминде жолугушуу өткөрүштү.
🤝 Жолугушуу учурунда тараптар өнөктөштүктү, саясий диалогду жана соода-экономикалык, инвестициялык чөйрөлөрдө өз ара пайдалуу кызматташууну кеңейтүүгө багытталгандыгын тастыкташты.
🌱 “Жашыл” күн тартибинде да талкуулар болду. Данияр Амангельдиев экономикалык туруктуулукту жана эл аралык милдеттенмелерди так сактоо менен эки тараптуу кызматташуунун динамикасын сактоонун маанилүүлүгүн белгиледи.
🔄 Экономикалык санкциялар темасында пикир алмашуу болду. Ачык жана конструктивдүү диалогду улантуу максатында, тараптар бири-бирин урматтоо жана ачыктыкка негизделген сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө даяр экендиктерин билдиришти.
🗓 Жакын арада визиттер алмашуу тууралуу макулдашылды, бул эки тараптуу мамилелерди мындан ары да бекемдөөгө өбөлгө түзөт.










