🇰🇬 Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы соода-экономикалык, энергетикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуу маселелери талкууланды.
🤝 Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы жогорку деңгээли белгиленди.
📅 Бишкек шаарында өтө турган кыргыз-орус Өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги жыйынына дыкат даярдык көрүүнүн маанилүүлүгү баса белгиленди.
🔗 Кыргыз-орус кызматташтыгын союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк духунда мындан ары да бекемдөөгө эки тарап тең умтулушарын билдиришти.






