🌧️ Кыргызстанда 2025-жылдын 7-8-июнь күндөрү жаан-чачындуу аба ырайы күтүлүүдө.
⚠️ Жергиликтүү синоптиктердин маалыматы боюнча, аба ырайынын ысышы жана күтүлүп жаткан локалдык жаан-чачындар республикадагы тоо этектери жана тоолуу аймактарда сел коркунучун жаратат.
🌊 Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн, бул жергиликтүү суу ташкындарына жана жолдордун абалынын начарлашына алып келиши ыктымал.
🚫 Жарандарга коопсуздук чараларын сактоо, кооптуу аймактарга зарылчылыксыз чыкпоо, тоолуу аймактарга сапарга чыкпоого жана ӨКМдин расмий билдирүүлөрүн көзөмөлдөп турууга кеңеш берилет.