


🌍 Жогорку Кенештин Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитети Иссык-Көл облусундагы жол долбоорлорунун ишке ашырылышы менен таанышты.
🏗️ Чолпон-Ата шаарында Балыкчы–Чолпон-Ата–Корумду автожолунун реконструкциясы каралды. Учурда 81 км жолдун 30 км курулушу аяктады.
🚴♂️ Депутаттар Чолпон-Ата туристтик аймагында веложолдун жоктугуна көңүл бурушту. Бул долбоордо велоинфраструктура куруу каралган эмес.
🛣️ Корумду–Балбай Баатыр участогу да каралды. Бул Иссык-Көлдөгү айланма жолдун реконструкциясынын бир бөлүгү болуп саналат, жалпы узундугу 79,3 км.
💰 Ремонт иштери эл аралык донорлор тарабынан $118,4 млн менен каржыланууда.
🛤️ Парламентарийлер асфальт төшөө сапатына көңүл бурууну сунушташты.