🎶 IV Эл аралык Ысык-Көл эстрадалык музыка фестивалы “Мейкин Азия” 20-22-июлда Бактуу-Долоноту айылындагы ипподромдо өтөт.
🌍 Фестивалга 25тен ашуун өлкөнүн таланттуу жаш эстрада ырчылары катышат.
🎤 Ар бир конкурс күнү Кыргызстандын жана чет өлкөлөрдүн жылдыздарынын катышуусунда концерттер менен коштолот.
🌟 Концерттин катышуучулары: Мирбек Атабеков, Jax 02.14, Freeman 996, Бакр, Абир Касенов, Баястан, Тамга, Жийдеш Идирисова, Нурила, Бек Исраилов, Азат Раимбердиев, Минжашар Мурзаев, Бегимай Турусбекова, Руслан Асанкан, ERA.
👥 Фестивалдын ардактуу коноктору: биринчи “Мейкин Азия” фестивалынын жеңүүчүсү белгилүү ырчы Димаш Кудайберген, ошондой эле популярдуу Ay-Yola жана Sevak тобу.






