🤝Кыргызстандын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Түркия элчилигинин дин иштери боюнча кеңешчиси менен жолугушту.
🇰🇬 Жолугушууда Кыргызстан менен Түркиянын узак мөөнөттүү кызматташтыгы талкууланып, дин жаатында тажрыйба алмашуунун маанилүүлүгү айтылды.
🔗 Тараптар диний чөйрөгө байланыштуу актуалдуу маселелерди биргелешип чечүү зарылдыгын белгилешти.
🤔 Жолугушуунун катышуучулары бул жаатта өз ара кызматташууну мындан ары да бекемдөөгө макулдашышты.