🇰🇬 Дохада Кыргызстандын элчиси менен Катардын муниципалитет министринин жолугушуусу болуп өттү.
🤝 Бишкек менен Доханын ортосунда эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоо жана тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.
🥗 Азык-түлүк коопсуздугу маселелерине, анын ичинде Кыргызстандан Катарга органикалык продукцияны экспорттоого өзгөчө көңүл бурулду.
🛍️ Кыргызстандык өндүрүшчүлөрдүн Катардын борборунда өтүп жаткан көргөзмө-жарманкелерге катышуусу да талкууланды.
🔗 Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу үчүн кызматташууну улантууну макулдашышты.