





























🌟 Бишкек шаарында инновациялар жана технологиялар фестивалы Maker Fest Bishkek 2025 өткөрүлдү. Иш-чарада катышуучулар өздөрүнүн чыгармачыл жана инновациялык иштеп чыгуулары менен бөлүшүп, 3D моделдеги объекттер, колго жасалган дрондор жана өздөрү өндүргөн гаджеттерди көрсөтүштү.
🚴♂️ Велогенератор сыяктуу долбоорлор өзгөчө көңүл бурду. Бул аппарат физикалык күчтү энергияга айлантып, түзмөктөрдү кубаттоого мүмкүнчүлүк берет. Аны түзүү үчүн үч ай убакыт кеткен.
🎒 Балдар үчүн чыгарылган “Neo Mood” рюкзагы дагы кызыгуу жаратты. Ал баланын эмоционалдык абалын билдирүүгө жана SOS баскычы аркылуу кооптуу учурларда жардам чакырууга мүмкүнчүлүк берет.
🎨 Иш-чаранын маанилүү бөлүгү катары жаш сүрөтчүлөрдүн эмгектери көрсөтүлдү. Алардын арасында 8-класстын окуучусу Чынгыз Адилбековдун май боёгу менен тартылган сүрөтү да бар.
🚁 Карбон материалынан жасалган дрондор дагы көрсөтүлдү. Разработчик Абай бул дрондорду жарым жылдан ашык убакыттан бери иштеп чыгууда.
💻 Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин студенттери тарабынан жасалган жергиликтүү өндүрүштөгү ноутбуктар дагы фестивалда көрсөтүлдү. Иш-чарага катышкан көптөгөн катышуучулар жана инновациялык ачылыштар келечекке ишеним берет.