🌱 Кыргызстанда жергиликтүү үрөн өндүрүшүн колдоо жана сорт алмаштыруу үчүн питомниктерди өнүктүрүү долбоору активдүү ишке ашырылып жатат.
💰 Долбоорго ОАО «Айыл Банк» жана ОАО «Элдик Банк» катышууда, ал эми жалпы кредиттик каражаттардын көлөмү 100 млн сомду түзөт.
📈 2025-жылдын 25-сентябрына карата эки каржылоо субъектисине 2,85 млн сом өлчөмүндө жеңилдетилген кредиттер берилди.
🌾 Долбоордун ишке ашырылышы үрөнчүлүк тармагын туруктуу өнүктүрүүгө, себүү материалдарынын сапатын жогорулатууга жана үрөн өндүрүү жана көчөт өстүрүү менен алектенген фермерлер үчүн кошумча стимулдарды түзүүгө мүмкүнчүлүк берет.










