🇪🇺 Кыргызстан менен Европа Биримдигинин ортосундагы кызматташтык динамикалуу өнүгүп, эки тарап үчүн стратегиялык мааниге ээ.
💡 Камбар-Ата 1 ГЭС курулушуна 1 миллиард евродон ашык каражат бөлүү боюнча келишимдердин түзүлүшү кызматташтыктын ийгиликтүү үлгүсү болуп саналат.
🌊 Европа Биримдиги суу ресурстарын башкаруу системасын реформалоого колдоо көрсөтүүнү пландап жатат.
📚 Билим берүү системасын реформалоо боюнча иштер улантылат, бул багытта да Европа Биримдигинин колдоосу күтүлүүдө.
🛣️ Кыргызстанды Казакстан аркылуу Транскаспий транспорттук коридору менен байланыштырган стратегиялык маанидеги жолду оңдоо иштерине жардам берилет.
🤝 Кыргызстан жана Европа Биримдиги ортосундагы кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө келишим өткөн жылы кол коюлуп, азыр европалык мамлекеттерде ратификациядан өтүүдө.
🗓️ Президент Садыр Жапаров Европалык союздун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Реми Дюфло менен жолугушуп, кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүү маселелерин талкуулады.






