
[adrotate_integration id=”2″]🤝 Кыргызстандын вице-премьер-министри Эдиль Байсалов Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф менен жолугушту. Бул жолугушуу кыргыз-пакистан соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташтык боюнча 5-чү өкмөттөр аралык комиссиянын алкагында болуп өттү.
📃 Жолугушууда эки тарап бир катар эки тараптуу документтерге кол коюп, көп тараптуу кызматташтыкты чыңдоо жана жаңы биргелешкен демилгелерди ишке киргизүү максатында макулдашты.
🇵🇰 Пакистан премьер-министри Шахбаз Шариф Кыргызстан тарабынан берилген каалоо-тилектерге ыраазычылык билдирип, эки өлкө ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү тереңдетүүгө кызыкдар экенин баса белгиледи.
🤝 Кыргыз Республикасы жана Пакистан мындан ары да активдүү байланыштарды бардык деңгээлдерде улантууга макулдашты.






