




🇰🇬 Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов Кытай Эл Республикасына болгон жеке сапарынын алкагында Пекин Тил жана Маданият Университетинин студенттерине лекция окуду.
📈 Кыргызстанда көз карандысыздык жылдарында болгон саясий жана экономикалык өзгөрүүлөр тууралуу айтып, акыркы жылдардагы туруктуу өсүү жана санариптик модернизация боюнча жетишкендиктерди белгиледи.
🌍 Өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн келечектеги чакырыктары тууралуу ойлорун бөлүштү, Кытайдын модернизация жолу жана күчтүү мамлекеттик институттардын маанилүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурду.
🤝 Университеттин ректору менен болгон жолугушууда гуманитардык жана академиялык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери, анын ичинде Кытайда билим алып жаткан кыргыз студенттеринин санын көбөйтүү талкууланды.
🎓 Пекинде окуп жаткан кыргыз студенттери менен өзүнчө жолугушуу өткөрүп, алардын суроолоруна жооп берип, чет өлкөдөгү окуу жана жашоо боюнча сунуштарын жана каалоолорун укту.