

🇰🇬 Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов Индиянын Кыргыз Республикасындагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Бирендер Сингх Ядавды кабыл алды.
🎓 Жолугушууда билим берүү, санариптештирүү, саламаттыкты сактоо жана маданият тармагындагы кыргыз-индия кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланды.
🤝 Эки тарап тең ар кандай деңгээлде үзгүлтүксүз диалогду улантууга жана Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы салттуу достук жана өнөктөштүк рухунда өз ара пайдалуу демилгелерди өнүктүрүүгө кызыктар экендиктерин билдиришти.
🌐 Мындан ары эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө жана өнүктүрүү максатында жаңы мүмкүнчүлүктөрдү изилдөө боюнча макулдашылды.