📚 Кыргызстанда билим берүү системасынын трансформациясы активдүү жүрүп жатат. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин тышкы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын башчысы Айнура Кусейинова билдирди.
📈 12 жылдык билим берүүгө өтүү боюнча комплекстүү иштер жүргүзүлүп жатат. Жаңы мамлекеттик билим берүү стандарты, реформанын концепциясы жана ишке ашыруу планы бекитилди.
💻 2025-2026-окуу жылынан баштап мектептерге кабыл алуу электрондук каттоо аркылуу жүргүзүлөт.
👶 2019-жылы төрөлгөн жана «Наристе» даярдоо программасынан өтпөгөн балдар биринчи класска кабыл алынат.
🧒 «Наристе» программасын бүтүргөн же нөлдүк классты бүткөн балдар экинчи класска кабыл алынат.
🏫 2018-жылы төрөлгөн балдар да экинчи класска кабыл алынат, бирок бул өзгөчөлүк учурдагы жылга гана тиешелүү.
🔬 Кыргыз билим берүү академиясы 38 предмет боюнча стандарттарды бекитти, STEM багыттарына өзгөчө көңүл бурулду.
🏠 Бишкекте ички миграциянын жогорку деңгээлине байланыштуу айрым мектептер ашыкча жүктөлүшү мүмкүн, бирок зарылдык болсо, убактылуу балдар бакчаларынын имараттарында класстар жайгаштырылышы мүмкүн.
🔜 2025/2026-окуу жылында нөлдүк класстар гана дароо экинчи класска өтөт, андан кийин кабыл алуу биринчи класска гана жүргүзүлөт.
📅 Реформанын кийинки этабы 3-класстан дароо 5-класска өтүүнү камтыйт, бирок бул кийинки этаптарда ишке ашырылат.