🌍 Кыргызстан билим берүүнү өнүктүрүү үчүн 75 миллион доллар алат.
💼 Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Маткеримов Сауд өнүктүрүү фонду жана Ислам өнүктүрүү банкы баш болгон эл аралык донорлордун өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.
📚 “Коопсуз билим берүү чөйрөсү” долбоору боюнча 75 миллион доллар бөлүү каралган, анын 60 миллион доллары кредит, 15 миллион доллары грант.
🏫 Бул каражат Кембридж университети менен биргеликте заманбап мектептерди курууга жана окуу материалдарын түзүүгө жумшалат.
🤝 Маткеримов эл аралык өнөктөштөргө Кыргызстандын билим берүү системасын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирип, бөлүнгөн каражаттардын натыйжалуу пайдаланылышынын маанилүүлүгүн белгиледи.