📰 Ошто беш жашар бала менен болгон окуя коомчулукту тынчсыздандырды.
👮♂️ Социалдык тармактарда баланын ур-токмокко алынышы мүмкүн болгон видео тарагандан кийин Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги иликтөө иштерин баштады.
👩👦 Баланын апасы кошуналардын терезесине таш ыргытканы үчүн жазаланганын айтып, тынымсыз зордук-зомбулук болбогонун тактады.
🔍 Балдарга зордук-зомбулук көрсөтүү фактыларын аныктоо үчүн экспертиза дайындалды.
🏥 Баланын коопсуздугун жана колдоо көрсөтүү максатында учурда Ош шаарындагы адистештирилген реабилитациялык борборго жайгаштырылды.