🦻 Кыргызстанда укпаган жана сүйлөбөгөн жарандар үчүн сурдоперевод кызматтары жеткиликтүү.
📄 Ушул кызматтар Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан сунушталат.
🏢 Сурдоперевод кызматтары билим берүү жана саламаттыкты сактоо мекемелеринде, тергөө иштеринде, сот процесстерине катышууда, нотариус аркылуу документтерди тариздөөдөн баштап мамлекеттик кызматтарды алууга чейин колдонулат.
🤝 Министрлик “Кыргыз коомдук уюму” менен кызматташып, сурдоперевод кызматын бир булактан сатып алуу жолу менен камсыз кылат.
📍 Жарандар кызматты алуу үчүн жашаган жериндеги министрликтин аймактык башкармалыгына арыз менен кайрылышы керек.