🇰🇬 Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров Японияга расмий сапарынын алкагында Transaction Media Networks Inc. компаниясынын башкы директору Алекс Атсуши Отака менен жолугушту.
💼 Жолугушууда миграция, жумушка орношуу процесстерин санариптештирүү жана эмгек мобилдүүлүгүн башкарууга IT-чечимдерди киргизүү боюнча кызматташуунун келечеги талкууланды.
🌐 Япон компаниясынын булут технологиялары, электрондук төлөм системалары жана интеграциялык платформалары Кыргыз Республикасында жарандардын чет өлкөдө иштөөсүн көзөмөлдөө, административдик процедураларды жөнөкөйлөтүү жана процесстердин ачыктыгын жогорулатуу үчүн натыйжалуу колдонулушу мүмкүн экени белгиленди.
👨💻 Жаш адистерди кесиптик даярдоо мүмкүнчүлүктөрүнө өзгөчө көңүл бурулду. Кыргыз тарап IT тармагында кыргыз жаштарын окутуу программаларын баштоого жана япон компаниялары менен биргеликте пилоттук санариптик долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин билдирди.
🤝 Япон тарап Toyota жана Mitsubishi сыяктуу ири корпорациялар менен кызматташуунун ийгиликтүү тажрыйбасын көрсөтүп, кыргыз адистерин IT секторунда ишке алууга жана тажрыйба алмашуу максатында Кыргызстанга эксперттерди жөнөтүүгө даяр экенин билдирди.
🔗 Жолугушуунун соңунда тараптар санариптик инновациялар чөйрөсүндө мамлекеттер аралык жана тармактар аралык байланыштарды чыңдоого өз ара кызыкдар экенин ырастап, санариптештирүүнү илгерилетүүдө жеке сектор менен мамлекеттик институттардын өнөктөштүгүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.