🌐 Президент Садыр Жапаровдун санариптештирүү боюнча тапшырмасынын алкагында, мамлекеттик ипотекага онлайн кезекке туруу мүмкүнчүлүгү «Тундук» мобилдик тиркемеси аркылуу ишке ашырылды.
📱 Буга чейин жарандар документтерди чогултууга жана арыздарды кол менен толтурууга көп убакыт коротушчу.
⏱ Эми бардык маалыматтар автоматтык түрдө 2-3 мүнөттүн ичинде толтурулат.
💼 Жубайдын макулдугун да тиркеме аркылуу ыңгайлуу жана мыйзамдуу түрдө берүү мүмкүнчүлүгү бар.
🚀 Бул жарандардын шарттарын жеңилдетүүгө багытталган дагы бир реалдуу кадам.
✅ Президенттин тапшырмалары ырааттуу аткарылып, мамлекеттик кызматтар калк үчүн барган сайын жеткиликтүү болууда.