





🔌 Ош электр тармактарында кышка даярдык күчөп жатат.
🏗️ Ош, Ноокат жана Араван райондук электр тармактарынын жаңы имараттары курулуп жатат, ошондой эле акылдуу эсептегичтер орнотулууда.
🏭 Ош шаарындагы темир-бетон мамыларын чыгаруучу цехте иштер аяктап калды, Ош Энергосбыт имараты да ремонттон өтүүдө.
💡 “Узловая” подстанциясында 250 МВА кубаттуулуктагы автотрансформатор орнотулууда.
🚗 Жаңы кызматтык автоунаалардын ачкычтары салтанаттуу түрдө тапшырылды.
📊 2025–2026-жылдардагы кышка даярдык алкагында 100 850 акылдуу эсептегич орнотулмакчы, анын ичинен 17 850и азыркы учурда орнотулган.
🔧 82 подстанциянын оңдоо иштери пландалууда, учурда 67,5 км СИП-2 зымдарынын ичинен 8 км тартылган. СИП-3 зымдары боюнча 38,4 км тартуу пландаштырылууда.