📱 Кыргыз Республикасында 2024–2028-жылдар аралыгында санариптик трансформация концепциясын ишке ашыруу алкагында, Энергетика министрлигинин карамагындагы күйүүчү-энергетикалык комплексин жөнгө салуу департаментинде “Электрондук лицензия” маалымат системасы түзүлүүдө.
🔄 Бул система лицензияларды автоматташтырууга багытталган жана төмөнкү функцияларды камтыйт: документтерди электрондук түрдө тапшыруу жана лицензияларды санарип форматта берүү, лицензия ээлеринин реестрин жүргүзүү жана лицензиялар жөнүндө актуалдуу маалымат менен камсыз кылуу, бюрократиялык процедураларды кыскартуу жана арыз берүүчүлөр үчүн документтерди тапшырууну жөнөкөйлөтүү.
🤝 Учурда Юстиция министрлиги, Мамлекеттик салык кызматы, ошондой эле “Түндүк” жана “Кызмат” мамлекеттик системалары менен интеграциялоо боюнча иштер жүрүп жатат.
🛠 Жакынкы убакта башка мамлекеттик органдар менен интеграциялык режимде системаны тесттен өткөрүү, колдонуучу интерфейс модулдарын жана арыз берүү кызматтарын иштеп чыгууну аяктоо, техникалык талаптарга ылайык келүү үчүн тестирлөө жүргүзүү пландалууда.
🌟 Жаңы система Кыргызстандын энергетикалык тармагындагы ишмердүүлүктүн санариптештирилишин жана ачык-айкындыгын жогорулатууда маанилүү кадам болуп калат.






