⚡️ Бишкекте өтүп жаткан Bharat Electricity Summit 2026 иш-чарасында Кыргыз Республикасынын энергетика министри Таалайбек Ибраев Индиянын алдыңкы энергетикалык жана технологиялык компанияларынын жетекчилиги менен бир катар жолугушуулар өткөрдү.
🤝 Жолугушууларда Кыргызстандын энергетика секторундагы инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу, анын ичинде гидроэнергетика, жаңылануучу энергия булактары, көмүр өнөр жайы, энергетикалык инфраструктураны модернизациялоо жана санариптик жана инновациялык чечимдерди киргизүү маселелери талкууланды.
📝 Кыргыз Республикасынын энергетика министрлиги менен KEC International Limited жана CraticAI Services Private Limited компаниялары арасында өз ара түшүнүшүү боюнча эки меморандумга кол коюлду. Бул меморандумдар энергетика тармагында өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгууну көздөйт.
☀️ 2026-жылдын 21-мартында министр Нойда шаарындагы NTPC Limited компаниясынын күн энергия станциясын зыярат кылып, электр энергиясын өндүрүүнүн заманбап технологиялары жана энергияны узак мөөнөттүү сактоонун чечимдери менен таанышып чыкты.
🌱 Визит Кыргызстандын индиялык компаниялар менен практикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө жана энергетика секторун туруктуу өнүктүрүү үчүн алдыңкы технологияларды киргизүүгө болгон кызыгуусун көрсөттү.












