Энергетиктер Ысык-Көлдөгү селден жабыркаган айылдарды кыдырышты (фото)

Чолпон-Ата бөлүштүрүүчү зонасы Ысык-Көлдүн селден жабыркаган айылдарынын электр жабдууларын текшерүүдө. Электр тармактары негизинен бузулган эмес, бирок кээ бир мамыларды түздөө керек болчу. Аймактарда өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

• Ысык-Көлдөгү селден кийин Чолпон-Ата электр жабдыктарынын абалын текшерүү иштери активдүү жүрүп жатат.

• Ишкананын кызматкерлери эртең мененки саат 7де жумушка киришип, суу каптаган көчөлөрдү аралап, трансформаторлорду жана электр мамыларын текшерүүгө киришти.

• Жалпысынан сел каптаган аймактардагы электр жабдуулары бузулган эмес, бирок бир нече кыйшайган электр мамыларын түздөө иштери жүргүзүлдү.

• Окуя болгон жерде Ысык-Көл электр тармактар ишканасынын директору Болотбек Шадыканов да жүрөт.

• Эскерте кетсек, 18-августта облуста нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, унаа жолдор убактылуу жабылган.

• Жети-Өгүз жана Тоң райондоруна өзгөчө кырдаал киргизилип, Булан-Сөгөттү айылында жолду сел алып, айылды таза суу жана канализациясыз калтырды.

Есть вопросы по новости? Задайте ваш вопрос нейросети и получите моментальный ответ.

Отправить
0 0 votes
Рейтинг статьи
Subscribe
Notify of
guest

0 комментариев
Oldest
Newest Most Voted
Inline Feedbacks
View all comments
0
Would love your thoughts, please comment.x
()
x