🌍 Эр-Риядда Кыргызстанды жагымдуу туристтик өлкө катары таанытууга багытталган туристтик “Рад-шоу” өттү.
✈️ Иш-чара Кыргызстандын Сауд Аравиядагы элчилигинин колдоосу менен Silk Way Travel жана Al Jazeera Airways тарабынан уюштурулган.
🤝 Кыргызстандын Сауд Арабиядагы элчиси У.Марипов өлкөнүн экономикасы үчүн туризмдин маанисин жана туризм тармагына жагымдуу шарттарды түзүү зарылдыгын белгиледи.
📊 “Silk Way Travel” компаниясынын жетекчиси Э.Мырзабеков Кыргызстандын туристтик потенциалын көрсөткөн презентация жасап, катышуучулардын суроолоруна жооп берди.
🏢 Роудшоуга 19 туристтик компания катышып, алар туризм тармагындагы кыргызстандык өнөктөштөр менен кызматташууга кызыкдар.
🌟 Иш-чара Кыргызстан менен Сауд Аравиянын туризм тармагындагы байланыштарын чыңдоого маанилүү кадам болду.