






🏗️ Кыргызстандын курулуш, архитектура жана турак-жай коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев жана Мамлекеттик бажы кызматына караштуу мамлекеттик ишкананын директору Талант Жаманаков «Эркештам» өткөрүү пунктун модернизациялоо долбоорунун даярдыгы менен жеринде таанышышты.
🚧 Бул долбоор Мамлекеттик бажы кызматынын адиси тарабынан берилген тапшырма боюнча ишке ашырылууда. Аткаруучу катары «Бажы инфраструктурасы» мамлекеттик ишканасы, ал эми башкы подрядчик болуп «Кыргызкурулуш» мамлекеттик ишканасы тандалган.
💰 Контракттын суммасы 229 813 126 сомду түзүп, субподрядчик сынактын жыйынтыгы боюнча аныкталат.
🏢 Долбоордун максаты – «Эркештам» пунктунун өткөрүү жөндөмдүүлүгүн бир нече эсеге жогорулатуу жана мамлекеттик чек араны кесип өтүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү.
📋 Долбоордун курамына төмөнкүлөр кирет: коомдук имарат жана 150 орундуу эки кабаттуу мейманкана, тышкы күзөт посту, паспорттук көзөмөл кабинасы, коомдук даараткана, экспорттук товарлар үчүн навес, жүк жүктөө пункту, инспекциялык-каралоо комплекси (ИДК), дезбарьер, салмак-габариттик көзөмөл, санитардык-карантиндик пункт (СКП), резервуар.
📅 Пунктту толук модернизациялоо жана инфраструктураны белгиленген стандарттарга ылайык келтирүү 2025-жылдын 1-октябрына чейин аяктоо пландалууда.