🇰🇬 Мамлекеттик башкаруу элге кызмат кылууга жана ар бир тыйындын контролуна багытталышы керек. Бул тууралуу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров билдирди. Эсеп палатасынын иши мамлекет башчысынын бул көз карашына жооп берет. Айкындуулук, мыйзамдуулук жана натыйжалуулук аркылуу мамлекеттик көзөмөл системасы жаңы деңгээлге көтөрүлүүдө.
📈 2024-жыл Эсеп палатасы үчүн жоопкерчиликти күчөтүү, чыныгы натыйжаларга жетишүү жана мамлекеттик башкаруу системасын реформалоого активдүү катышуу жылы болду. Бул жылы 88 аудитордук иш-чара өткөрүлүп, 1848 түзүмдүк жана ведомстволук бөлүмдөр камтылды. Финансылык мыйзам бузуулардын жалпы суммасы 13,1 миллиард сомду түздү, анын ичинен 10 миллиард сом калыбына келтирилди.
💼 Аймактардагы аудит 29 шаардык жана 310 айылдык муниципалитеттерде жүргүзүлдү. Жыйынтыгында, 1,1 миллиард сомдон ашык суммадагы мыйзам бузуулар аныкталды. Айыл өкмөттөрүндө 960,6 миллион сом калыбына келтирилүүгө тийиш болчу, анын 90,5% кайтарылды.
👮♂️ Эсеп палатасы укук коргоо органдарына 9,7 миллиард сомдук 119 материал өткөрүп берди. Бул материалдардын негизинде 29 кылмыш иши козголуп, бир кызматкерге мамлекеттик структураларда иштөөгө тыюу салуу менен 3 жылга эркинен ажыратуу жазасы берилди.
🌐 Эл аралык кызматташтык жана санариптештирүү боюнча активдүү иштер жүргүзүлүп жатат. Эсеп палатасы ИНТОСАИ, ШОС, КМШ сыяктуу эл аралык уюмдар менен кызматташып, мыкты тажрыйбаларды улуттук деңгээлге ылайыкташтырууда. Санариптештирүү — институттук реформанын негизги элементтеринин бири болуп саналат.
📢 Коомчулук менен иштөөдө айкындуулукка басым жасалууда. 2024-жылы мамлекеттик жана расмий тилдерде 180ден ашык пресс-релиз жарыяланды. Бул жарандык көзөмөлдү түзүү жана мамлекеттик аудиттин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн маанилүү курал болуп саналат.
🔍 2025-жылга карата приоритеттер өзгөрүүсүз бойдон калат: аудиттин эл аралык стандарттарга шайкештигин камсыз кылуу, аудитти санарип форматка өткөрүү, укук коргоо органдары менен кызматташууну бекемдөө, коррупциялык тобокелдиктерди алдын алуу жана мамлекеттик ресурстарды максаттуу жана натыйжалуу пайдаланууга көзөмөлдү күчөтүү.